УКМК: Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинде мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө
мурда аныкталган зыяндын орду толук толтурулду

Кыргыз Республикасынын УКМК козгогон кылмыш ишинин алкагында, Кыргыз Республикасынын сот системасына сатып алынган санариптик жабдыктардын баасын кымбаттатуу фактылары аныкталды.
2020-жылы мамлекеттик органдарды санариптештирүү боюнча мамлекеттик долбоорлордун алкагында республиканын сот системасына жалпы 42 миллион 835 миң 250 сомдон ашык суммага техникалар сатылып алынганы такталган.
Ошону менен бирге, иликтөөнүн алкагында аталган мамлекеттик органдын жооптуу адамдары жеке баюу максатында компаниялардын өкүлдөрү менен жең учунан сүйлөшүп алышып, алар сатып алынган товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн иш жүзүндөгү баасын ашыкча баалаган фактылар аныкталган.
Мындай мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында, мамлекетке 5 миллион 519 миң 170 сом өлчөмдө зыян келтирилген.
Текшерүүнүн жүрүшүндө келтирилген зыяндын орду толук толтурулуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин мамлекеттик сатып алуулар боюнча жооптуу кызмат адамдарынын аракеттерине юридикалык баа берилүүдө.