УКМК: Кыргызстанда башка өлкөлөрдөн электрондук далилдерди суроо боюнча тренинг өттү

2022-жылдын 5-сентябрынан 8-сентябрына чейин КР УКМКнын Терроризмге каршы борбору ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жардамы менен Ысык-Көл облусунда ЕККУнун Трансулуттук коркунучтарга каршы күрөшүү департаменти менен биргеликте башка өлкөлөрдөн электрондук далилдерди суроо боюнча тренинг өткөрүлдү.

Тренингге укук коргоо, мамлекеттик жана сот органдарынын жана билим берүү мекемелеринин 30дан ашык өкүлдөрү катышып, чет өлкөлүк юрисдикциялардагы интернет-провайдерлерден электрондук далилдерди талап кылуу куралдары менен таанышышты. Бул куралдар сактоо боюнча суроо-талаптарды, ыктыярдуу ачыктоолорду жана өзгөчө кырдаалдарды, жүктөө куралдарын, полиция менен кызматташуу каналдарын жана өз ара укуктук жардамды камтыйт.

 Ошондой эле электрондук далилдерди талап кылууда пайда болгон көйгөйлөр, адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоонун маанилүүлүгү талкууланды. Тренингдин катышуучулары практикалык көнүгүүлөрдүн жардамы менен электрондук далилдерди талап кылуунун жол-жоболору боюнча теориялык билимдерин бекемдешти.

Бул тренинг терроризмге каршы күрөшүү үчүн чет өлкөлөрдөн электрондук далилдерди суроо боюнча БУУнун Практикалык колдонмосунун негизинде иштелип чыккан.

Тренингдин бардык практикалык жана теориялык бөлүктөрү Практикалык колдонмонун авторлошунун жардамы менен эл аралык эксперттер тарабынан өткөрүлдү.