УКМК: Опузалап пара алуу фактысы боюнча КР жараны И.А.К. жана Сузак районунун Таш-Булак а/а кызматкери Б.А.И. кармалды
March 12, 2022
06:27
2022-жылдын 11-мартында КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, T.Б.T. аттуу жеке ишкерден 90 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен Кыргыз Республикасынын жараны И.А.К. жана Сузак районунун Таш-Булак а/а кызматкери Б.А.И. кармалды.
И.А.К. КР УКМК төрагасы К.Ташиевдин өкүл баласы болуп туруп, үй-бүлөлүк мамиленин артына жашынып, Сузак районунун Таш-Булак а/а кызматкери Б.А.И. менен сүйлөшүү жолуу аркылуу жеке ишкерден коркутуу жолу менен 120 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталган.
Кармалган жарандар КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 101-беренесине ылайык Жалал-Абад ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүрүүдө