УКМК: “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын филиалдарынын биринин кызмат адамдары тарабынан коррупциялык көрүнүштөр аныкталды
КР УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын Чүй облусундагы филиалынын биринин кызмат адамдары тарабынан коррупциялык көрүнүштөр аныкталды. Такталган боюнча, от казандардын бирин реконструкциялоо иштеринин сметасы ашыкча бааланып, мазуттун керектөө нормасы жогорулатылганы жана мыйзам бузууларга жол берилгени…