УКМК: Талас шаардык кеңешинин КСДП фракциясынан мурдагы депутаты эки айга камакка алынды
August 25, 2021
08:52
Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралардын жүрүшүндө “Алдамчылык” беренеси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, издөөдө жүргөн Талас шаардык кеңешинин КСДП фракциясынын экс-депутаты кармалды.
Тактап айтканда аталган депутат 2017-жылы алдамчылык жолу менен чет элдик инвесторлордон 7 миллион сомдон ашык суммадагы материалдык мүлктү жана каражаттарды тартып алганы аныкталган. Жыйынтыгында ал Ички Иштер Министрлиги тарабынан издөөдө жүргөн.
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аталган депутатка 2021-жылдын 18-октябрына чейин УКМК тергөө камак жайында кармоо түрүндө баш коргоо чарасын карады.