Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети чет өлкөлүк атайын кызматтар жана укук коргоо органдары менен эл аралык террорго жана диний экстримизмге, мыйзамсыз баңги заттарды жүгүртүүгө, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, киберкылмыштуулукка, мыйзамсыз миграцияга, жемкорлукка, ошондой эле башка өз ара кызыкчылык туудурган көйгөйлөргө каршы туруу жаатында эки тараптуу жана көп тараптуу форматта кызматташтыкты алып барат.

Ошол эле учурда КР МУКК чет өлкөлүк компетенттүү органдар менен кызматташууда Шанхай кызматташтык уюумунун регионалдык антитеррордук түзүмүнүн, Түрк тилдүү мамлекеттердин атайы кызмат конференциясынын, КМШ Антитеррордук борборунун, КМШ мамлекет-катышычууларынын атайын кызматтарынын жана Коопсуздук органдарынын жетекчилер кеңешинин ишине катышуу аркылуу активдүү аркеттенип келет.

Көп тараптуу кызматташтык форматында өткөрүлүп жаткан иштин максаты, заманбап коркунучтарга каршы туруу боюнча атайы кызматтардын бирдиктүү аракеттеринин механизмдерин, бирдиктүү позицияларын жана КРнын улуттук коопсуздук органдарынын профилдик бөлүмдөрүн чет өлкөлүк партнерлор менен ич ара аракеттенүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат.