Кыргыз  Республикасынын УКМК Терроризмге каршы борбору (ТКБ)

КР УКМК Терроризмге каршы борбору Кыргыз Республикасындагы “Терроризмге каршы аракеттенүү”  мыйзамын ишке ашыруу максатында 2011-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Президентинин №23- жарлыгына ылайык түзүлгөн.

   Терроризмге каршы борборунун максаты КР УКМК түзүмдүк бөлүмү катары саналып, Кыргыз Республикасындагы терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууда, террористтик ишмердүүлүктөрдү алдын алуу, аныктоо жана тыюу салуу, ошондой эле террористтик актыларды даярдоого жана ишке ашырууга түрткү берүүчү шарттарды жана себептерди жоюу, ачып көрсөтүү боюнча иш-аракеттердин ырааттуулугун камсыз кылуу максатында терроризмге каршы аракеттенүүнү ишке ашыруучу бардык аткаруу органдарынын ишмердүүлүгүн координациялоо болуп эсептелинет.

   Кыргызстанда Терроризмге каршы аракеттенүүнү ишке ашыруучу мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн кооринациялоо максатында ТКБга караштуу Ведомостволор аралык координациялык комиссия (ВКК) түзүлүп, эффективдүү иштеп жатат. Ал жакка террорго каршы ишмердүүлүктүн субъектилери, Кыргыз Республикасынын тийиштүү министрликтеринин жана ведомостволорунун жетекчилери киришет. ВКК тарабынан терроризмге жана диний экстремизмге каршы аракеттенүү жаатында укук ченемдик база боюнча жана өлкөдөгү террордук коопсуздукту өнүктүрүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынган.

   Террорго каршы ишмердүүлүктүн субъектилеринин бирге аракеттешүүсүн практикалык иштеп чыгуу максатында ТКБ тарабынан бардык облустарда жана Бишкек шаарында, ошондой эле стратегиялык объектилерде, эл аралык жана регионалдык террорго каршы командалык штабдык окутуулар үзгүлтүксүз уюуштурулуп турат. ТКБ тарабынан биргелешкен террорго каршы окутуулардын өткөрүлүүсүн негизги максаттары террорго каршы ишмердүүлүк субъектилеринин эл аралык террорго каршы аракеттенүү жаатында даярдыгын жогорулатуу, ошондой эле аталган иш-чаранын катышуучуларын бирге аракеттенүүсүн өнүктүрүү болуп эсептелет.

   Өткөрүлгөн терроризмге каршы окуулар ТКБ пландоо, даярдоо жана өткөрүү, ошондой эле террорго каршы аракеттенүү механизмин андан ары өнүктүрүү боюнча биргелешкен аракетти талап кылган бир катар көйгөйлүү суроолорду ачып чыгуу боюнча бай тажрыйба топтоого мүмкүндүк түзүп берди.

   Энергетиканын, транспорттун жана байланыштын өзгөчө маанилүү объектилеринин, стратегиялык объектилердин, адамдар массалык түрдө чогулган жерлердин террорго каршы корголушун аныктоо максатында ТКБнын координациялоодо өлкөнүн бардык регоиндорунда “Окуу тартибин бузуучу”, “Шарттуу террорист” атайы иш-чаралар дайыма өткөрүлүп турат.

   Прафилактикалык иштерди өткөрүүдө Борбордук ишмердүүлүгүндө экстремисстик көрүнүштөрдүн алдын алуу жана жол бербөө боюнча жаштар арасында түшүндүрүү-профилактикалык иштерин өткөрүүгө артыкчылыктуу көңүл бөлүнөт. ТКБнын катышуусу менен терроризмдин алдын алуу жана диний агымдардын дейструтиквдүү ишмердүүлүгүнө, экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча ар кыл ведомстволор аралык пландар иштелип чыгып жана ишке ашып жатат.

   Террорго каршы борбордун камкорлугу менен Бишкек шаарынын жогорку окуу жайларынын студенттери менен жолугуушулар жана дарстар дайыма өткөрүлүп турат. Мындай иш-чаралар УКМК ТКБ кызматкерлери тарабынан КР УКМК Чек ара кызматы, Улуттук Гвардия,  ИИМ жеке курамына, Дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссия, ӨКМ бөлүктөрүнө жана аскердик бирикмелерине өткөрүлүп турат. Калктын сактыгын жогорулатуу максатында басма материалдар иштелип чыгып жана ошондой эле массалык маалымат каражаттары да тартылып жатат.

   Мындан тышкары Борбордун активдүү  катышуусунда Кыргызстандын коопсуздугуна реалдуу коркунуч келтире турган диний бирикмелерге жана уюмдарга карата республиканын аймагында алардын ишмердүүлүгүнө тыюуу салуу жөнүндө соттук чечимдер демилгеленет.

   ТКБ ишмердүүлүгүнүн бирден бир негизги багыты болуп террористтик коркунучтарды өз учурунда аныктап жана зарыл чараларды иштеп чыгуу предметине түшкөн маалыматтарды үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү жана анализдөө болуп эсептелинет. Жыйынтыгы боюнча, аналитикалык материалдар конкреттүү сунуштар менен өлкөнүн жетекчисине жана башка инстанцияларга, террорго каршы ишмердүүлүтүн субъектилерине, УКМКнын территориалдык жана линиялык кичи бөлүмдөрүнө тынымсыз жөнөтүлүп турат. Андан тышкары ТКБ тарабынан терроризмге каршы тиешеси бар эл аралык жана улуттук издөөгө жарыяланган адамдарга карата ведомство аралык денгээлде маалымат алмашуу боюнча иш координациаланат.

   Экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндө КР МУКК эл аралык кызматташуу алкагында ТКБ эл аралык уюмдар жана партнердук атайы кызматтар менен маалымат алмашууну аткарууда жана үзгүлтүксүз өз ара аракеттенүүшүүдө, Алар менен биргеликте эл аралык конверенциялык жана семинарлар үзгүлтүксүз уюштурулуп турат. Ал иш-чараларда диний экстремизмге жана терроризмге каршы туруунун актуалдуу көйгөйлөрү сүйлошүлүп, бирге аракеттенүүнү жолго коюу жана практикалык тажрыйба менен алмашуулар жүрөт.