Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын түптөлүшү Туркистан аймагында Советтик бийликтин орногон мезгилинен башталат. 1917-жылдын ноябрь айында Ташкенттеги бийлик жумушчулардын жана аскер депутаттарынын Кеңешинин колуна өткөн. 1918-жылдын аягына чейин Кыргызстандын бардык булуң-бурчунда Советтик бийлик орногон. Ушул эле жылдын октябрь айында Семиреченский облусттук аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн жана облусттук элдик комиссариаттын чечими менен өзгөчө тергөө комиссиясы түзүлүп, ноябрь айында Туркестан өзгөчө комиссиясы (ТӨК) болуп өзгөрүлөт. Бул уюмдун ишмердүүлүгү контрреволюцияга каршы күрөшүүгө багытталган болчу. Ошондой эле уюмдун негизги максаттарынын бири болуп басмачылык менен күрөшүү болгон. 1922-жылдын февралынан тартып ТӨКтүн милдеттери Ички Иштер Элдик Комиссариатына (НКВД) өткөрүлүп, анын курамында Мамлекеттик Саясий Башкармачылык (МСБ) түзүлгөн. МСБнын алдына коюлган негизги тапшырмалардын катарына контрреволюция жана тыңчылар менен күрөшүү иштери кирген. Мындан тышкары чекисттерге ар кандай диверсиялар, контрабанда, бандитизм, жасалма акча чыгарчуучулар менен күрөшүү, ошондой эле кылмышкерлерди издөө жана мамлекеттик чек араны бекемдөө милдеттери да берилген. Улуттук бөлүштүрүлөрдөн кийин, 1924-жылдын декабрь айында Кара-Кыргыз автономиялык облусунун МСБнын жергиликтүү бөлүмү түзүлөт.

Отузунчу жылдардагы мамлекеттик коопсуздук органдарынын тарыхы абдан кайгылуу. СССРде репрессия толкуну күч алып, жүз миңдеген күнөөсүз адамдар мерт болгон.

Фашисттик Германия жана анын сателлиттери менен Улуу Ата-Мекендик согуштун башталышы улуттук коопсуздук органдарынын ишмердүүлүгү жаңы баскычка өтүп, чекситтер бүт өзүнүн күчүн фашисттик баскынчылар менен күрөшүүгө жумшайт. Душмандын негизги максаттарына диверсия, теракттарды уюштуруу, улутчулдук жана сепаратисттик көрүнүштөрдү күчөтүү, басмачылык түзүлүштөрдү топтоо, Советтик Аскерге чакырууну үзгүлтүккө учуратуу, эл арасында утулуштук маанай жаратуу, колхоздорду кыйратуу, камдалган азык-түлүктү жок кылуу жана башка кирген. Ушундай оор кырдаалда чекситтер тарабынан душмандык тыңчы-диверсиялык топторун издөө жана жок кылуу боюнча көптөгөн контрчалгындоо иш чаралары өткөзүлгөн. Немец баскынчылары менен болгон согуш татыктуу жеңиш менен аяктаган.

Согуштан кийинки жылдары СССР чоң эмгек менен элдик чарбаны жандандырууга жетишип, социалисттик системаны дүйнөгө кеңири жайылтууга жетишет. СССРдин Мамлекеттик Коопсуздук Комитети (КГБ) дүйнөдөгү эң күчтүү атайын кызматтардын бирине айланат. Чекисттер советтик социалисттик түзүлүштү кайтаруу жана коргоо менен ийгиликтүү иш алып барган.

Эгемендүүлүктү алгандан кийин биздин жаш өлкөбүздүн башына көптөгөн сыноолор түштү. Мамлекет өткүл мезгилдин оор процесстерин азыр да болсо өткөрүп жатат. Мындай жаңы шарттарда Кыргызстандын өз алдынча атайын кызматы Мамлекеттик Улуттук Коопсуздук Кызматынын алдында өзгөчө тапшырмалар турат. Бул биринчи кезекте улуттук кызыкчылыктарды коргоо жана саясий туруктуулукту камсыз кылуу иштери. Анткени бир гана туруктуу коомдо өнүккөн маммлекетти курганга болот. Муну ар бир Мекенин сүйгөн патриот жарандар жакшы билиш керек.

Азыркы күндө улуттук коопсуздук органдары өлкөдө болуп өткөн акыркы оор көрүнүштөргө карабастан өзүнүн мамлекеттин жана коомчулуктун алдындагы милдеттерин татыктуу аткарып келишет.

Кыргызстандын мамлекеттик коопсуздук органдарынын баскан жолу кылым карытар тарыхка айланды. Тарых бул түбөлүктүү, аны эч ким бурмалаганга акысы жок. Бул тарыхты тынымсыз эмгеги менен биздин ардагерлер кылышты. Алардын баскан жолу жана жасаган эмгектери – Ата-Мекенге болгон берилгендиктин жана жан-дүйнөң менен кызмат кылгандыктын үлгүсү боло алат. Өлкөнүн кызыкчылыгы коргоп, коопсуздук органдарына бүт өмүрүн арнап, мамлекеттин түптөлүшүнө өзүнүн баалангыс салымдарын кошкон адамдарды ар дайым эстеп жүрүү – биздин ыйык парзыбыз.

Биздин негизги максат – Мекенибизди коргоо жана өнүктүрүү!