Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетиндеги Антикоррупциялык кызматы түзүлүшү жөнүндө
2011-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары тарабынан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү күчөтүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн чаралар кабыл алынган. Бирок, иштеп жаткан укук коргоо системасы бийликтин жогорку эшелондорунда коррупциянын жана кызматтык кылмыштардын таркалышына каршы турууга жөндөмсүздүгүн көрсөттү.
Кыргыз Республикасында бир нече жолу коррупцияга каршы күрөшүү боюнча программалар кабыл алынган, бирок, алар эреже катары формалдуу жана декларативдүү мүнөздө болгон. Ченемдик укуктук базанын натыйжасыздыгы кээ бир кызмат адамдары үчүн өздөрүнүн жеке же топтук кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу максатында мамлекеттик кызыкчылыктарга жамынып иш кылуусу ченем болуп, алардын кызматтык абалын жеке баюу үчүн пайдаланышы адаттагы практикага айланды. Коррупция Кыргызстандын бийлик түзүмдөрүндөгү башка терс көрүнүштөр менен катар 2005-жылдын март айындагы жана 2010-жылдын апрель айындагы элдик революцияларга алып келген башкы себептердин бири болгон.
Мамлекеттик башкаруу коррупцияланган чиновниктердин ишмердигинин натыйжасында өзүнүн натыйжалуулугун жоготууда. Анын кесепетинен ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлордун мамлекетке ишеними төмөн бойдон калып, дүйнөлүк коомчулукта Кыргызстандын аброюна шек келтирилүүдө. Коррупциялык жосундардын масштабдары жана мүнөзү коомдогу туруктуулукка гана эмес, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна да коркунуч келтирүүчү деңгээлге жеткендигин эске алып, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде Антикоррупциялык кызмат түзүлгөн.
Бишкек ш.: Жибек Жолу пр. № 322
тел.: (0312) 66–00–20;
Ош ш.: Ленина көч. № 318,
тел.: (03222) 452–82, (03222) 707–00, (0553) 97–97–58;
Талас ш.: Бердике баатыр көч. № 297,
тел.: (03422) 528–58, (0705) 57–92–92, (0552) 57–92–92;
Каракол ш.: Кутманалиев көч. № 148,
тел.: (03922) 511–80, (03922) 502–49;
Баткен ш.: Салихов көч. № 2,
тел.: (03622) 500–33, (0775) 40–41–42;
Жалал-Абад ш.: Токтогул көч. № 55,
тел.: (03722) 555–35, (0558) 22–40–40, (0777) 22–40–40;
Нарын ш.: Ленин көч. № 86,
тел.: (03522) 508–49, (0700) 10–00–05;